«Бир түндүк алдында»: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 28 өлкөнүн окумуштууларынын конференциясы ачылды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жана келечек» аттуу эл аралык илимий конференциянын салтанаттуу ачылышы болду. Форумга дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн алдыңкы окумуштуулар, тарыхчылар жана маданий мурас боюнча эксперттер чогулду.
Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев жана ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурас боюнча региондук борборунун директору Доксун Ким куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Илимий форумдун символикалык башталышы «Бир түндүк алдында — илимдин бирдиктүү мейкиндиги» урааны астында түндүк көтөрүү аземи болду. Конференциянын негизги милдеттери катары эл аралык академиялык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке киргизүү жана көчмөндөрдүн тарыхын жаштар арасында жайылтуу белгиленди.