Путин менен Пезешкиан Бишкекте Ирандын АКШ менен болгон «морт тынчтыгын» талкуулашты

Орусиянын Президенти Владимир Путин жана Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан кечээ Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу орусиялык президенттин сайты билдирет.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Путин орусиялык-ирандык мамилелер Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимге ылайык, бардык багыттар боюнча туруктуу өнүгүп жатканын билдирди.
Тараптар Ирандын айланасындагы учурдагы аскердик-саясий кырдаалга жана Тегерандын Вашингтон менен болгон мамилесине өзүнчө токтолушту.
Путиндин айтымында, Орусия ушул жылдын июнь айында Иран-Америка ок атышууну токтотуу жөнүндө меморандумдун түзүлүшүн кубаттаган, бирок жетишилген тынчтык туруксуз бойдон калууда.
«Биз ушул жылдын июнь айында Иран-Америка ок атышууну токтотуу жөнүндө меморандумдун түзүлүшүн кубаттаганбыз, бирок, тилекке каршы, тынчтык туруксуз жана өтө морт болуп чыкты», — деди Орусиянын Президенти.
Путин Москва Иранды колдоону жана ага керектүү жардамдарды көрсөтүүнү, анын ичинде зарыл болгон товарларды жеткирүүнү улантып жатканын билдирди.
Аскердик-саясий кырдаалга карабастан, эки өлкө соода-экономикалык кызматташтыктын динамикасын сактап кала алганын орусиялык лидер белгиледи. Аны өнүктүрүүнүн кошумча фактору катары ал Евразия экономикалык бирлиги менен Ирандын ортосундагы эркин соода жөнүндө келишимди атады.
Ирандын президенти, өз кезегинде, согуш учурунда, санкциялар шартында, ошондой эле эл аралык аянтчаларда, анын ичинде БУУда көрсөткөн колдоосу үчүн Орусияга ыраазычылык билдирди.
Пезешкиан Иран менен Орусиянын мамилелери стратегиялык мүнөзгө ээ экенин баса белгиледи.
Анын айтымында, ШКУ жана башка көп тараптуу форматтардын алкагындагы өз ара аракеттенүү эки мамлекетке АКШ тарабынан жасалган бир тараптуу санкцияларга жана басымга биргелешип туруштук берүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ирандын президенти ошондой эле Вашингтон менен болгон келишимдер маселесине токтолду. Ал Тегеран Америка тарап өзүнө алган милдеттенмелерин аткарууга кайткан шартта, аларды сактоого даяр экенин билдирди.