Көчөдө ар кимди шылдыңдаган баланы милиция кармады (ВИДЕО)

Көчөдө туура эмес жоругу менен видео тасмага түшкөн жаран Биринчи май райондук милицияга жеткирилди. Бул туурасында Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык  милициянын кайгуул кызматкерлери видео тасмадагы жаранды таап, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына андан ары чара көрүү үчүн жеткиришти.

Ал жаран 19 жаштагы К.А. экендиги аныкталып, видео тасмадагы көрүнүш 2021-жылдын 15-ноябрда тартылганы аныкталды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>