Министрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырды

17.11.2026 | 16:53
Кабмин представил в парламенте проект бюджета на 2027 год: главные цифры — Новости Кыргызстана

2027-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда билим берүүгө 134,2 млрд сом, саламаттык сактоого 76,4 млрд сом, социалдык коргоого 47,3 млрд сом каралган. 2027-жылга бюджеттин долбоорун жана 2028-2029-жылдарга болжолду 17-ноябрда Жогорку Кеңештин финансы жана бюджет боюнча кеңейтилген комитетинин отурумунда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тааныштырды.

2027-жылы ИДП 2 трлн 736 млрд сомдон ашат деп болжолдонууда. Консолидацияланган бюджеттин ресурстарынын жалпы көлөмү 1 трлн 53 млрд сом өлчөмүндө пландалууда.

Долбоор боюнча негизги чыгым беренелери:

  • республикалык бюджеттин капиталдык чыгымдары – 110,7 млрд сом (мамлекеттик бюджет боюнча – 137,2 млрд), анын ичинен 80,7 млрд сомдон ашыгы ички булактардан каржыланат (мамлекеттик бюджет боюнча – 107,3 млрд);
  • Барскоон – Бедел жолун куруу – 17,7 млрд сом;
  • социалдык объекттер, ичүүчү суу, ирригация жана инфраструктура – 10 млрд сом;
  • Стабилдештирүү фонду – 20 млрд сом;
  • бааларды турукташтыруу – 5 млрд сом;
  • ишкердикти жана айыл чарбасын колдоо үчүн субсидиялар – 5,3 млрд сом;
  • жергиликтүү бюджеттерге трансферттер – 19,4 млрд сом, үлүштүк гранттар – 1,8 млрд сом.

Касымалиевдин айтымында, 2026-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин кирешелери 693,8 млрд сомду түзүп, пландан 27,9 млрд сомго ашкан. Бул мезгилде чыгымдар 589,5 млрд сомду түзгөн. 2026-жылы бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысына 2025-жылдагы 140,3 млрд сомго каршы 203,5 млрд сом жумшалат. Быйыл эмгек акылар 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып жогорулатылган.

Теги: бюджет
Scroll to Top