Бишкектин «Ак-Босого» конушунда 3-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтМирбек Атабеков Казакстандын II даражадагы «Достык» ордени менен сыйландыТЖЭШ жана короону коргоо: Санжар Жанатов менен маекОрусия менен Европанын ортосунда согуш чыкса, жеңүүчүлөр болбойт — ПутинСудьялар сот отурумдарынын видеожазуулары жана актылардын туш келди тандалган үлгүлөрү боюнча текшерилетКыргызстандын өнөр жайын атайын банк аркылуу каржылоо сунушталууда
Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды
30.10.2026 | 09:45

Кыргызстандык балбан айым Мээрим Жуманазарова Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Жуманазарова финалдык беттеште кытайлык Жиа Лонг менен беттешип, 3:4 эсебинде утулуп калды.
Буга чейинки баскычтарда ал индиялык Сришти Сриштини 5:1, америкалык Алексис Кеннеди Блэйдсти 6:3 жана жарым финалда монголиялык Энхсайхан Делгерманы 5:1 эсебинде артта калтырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт