Кош бойлуулар, карылар камакка алынбасын. Депутаттын сунушу

Кош бойлуулар, карылар камакка алынбасын. Депутаттын сунушу

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун каралды.

Мыйзам долбоор депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген. Эл өкүлү билдиргендей, бул мыйзам долбоору улгайган жана кош бойлуу аялдарга карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүн гумандаштыруу максатында иштелип чыккан. Улгайган курактагы жана кош бойлуу аялдарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонууга чектөөлөрдү киргизүү бул мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат.

“Эгер ал адамдар сот же тергөө органдары тарабынан издөөгө алынса, же алар өтө оор кылмышка шектелсе, анда аларга мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар иштебейт. Биз карыяларды, боюнда бар аялдарды камакка албастан, аларды үй камагына алууну сунуштап жатабыз”, — деди Бекешев.

Жыйында депутат Эмил Жамгырчиев мыйзам долбооруна юридикалык жактан жол берилбей тургандыгын жана эгер ал кабыл алына турган болсо, анда Баш мыйзамга дагы өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтты.

Дастан Бекешев экономикалык кылмыштарды жасагандар мыйзамга ылайык, СИЗОго камалбай, алар үй камагына чыгарылып жатканын айтып, бул теңсиздик экенин белгиледи.

Жыйында эл өкүлү Эмил Жамгырчиев прокуратура жана күч органдарынын кызматкерлери менен талкуулоо керектигин айтып, депутаттар мыйзам долбоорун күн тартибинен убактылуу алып турууну чечишти.

Маалымкат негиздемеде айтылгандай, Жогорку соту тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын 1-январынан 31-мартына чейинки мезгилде камакка алуу бөгөт чарасы 1455 адамга тандалган. Ал эми 2021-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге карата камакка алуу бөгөт чарасы 5743 адамга тандалган.

“Берилген маалыматтардан көрүнүп тургандай, көпчүлүк учурда камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалат, ал эми бул бөгөт коюу чарасы эң катаал чара деп эсептелет жана ал өзгөчө учурларда колдонулууга тийиш. Ошол эле учурда, гуманизм жана тең өлчөмдүүлүк принциптери кылмыш-жаза укугуна гана эмес, административдик жоопкерчилик укугуна да мүнөздүү”, — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам долбоордун автору белгилегендей,  Укук бузуулар кодексинин 33-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, камакка алуу балдарга, элүү беш жаштан ашкан аялдарга жана алтымыш жаштан ашкан эркектерге, кош бойлуу аялдарга, үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдарга жана он алты жашка чейинки баланы жалгыз тарбиялап жаткан адамдарга, ошондой эле биринчи жана экинчи топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата колдонулушу мүмкүн эмес.

“Бирок, Кылмыш-жаза кодексинде мындай гуманизм жана тең өлчөмдүүлүк принциптери киргизилген эмес. Бүгүнкү күндө, тергөө изоляторлорунда кармоонун шарттарын эске ала турган болсок, улгайган адамдарга жана кош бойлуу аялдарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу кыйноо катары каралышы мүмкүн. Анткени тергөө изоляторлорунда кармоонун шарттары эл аралык стандарттарга жооп бербегендиктен жана жогоруда аталган адамдар ошол жерде кармала турган болсо, алардын ден соолугуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Мындан тышкары, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тергөө амалдарын жүргүзүүгө тоскоолдук кылган же тергөө органдарынан жана соттон жашырынууга аракет кылган адамдарга карата колдонулууга тийиш. Ал эми жашы улгайган адамдардын жана кош бойлуу аялдардын тергөө иш-чараларын жүргүзүүгө тоскоолдук кылганга жана тергөө органдарынан жана соттон жашырынууга мүмкүнчүлүктөрү объективдүү чектелген”, — деп белгилейт демилгечи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>