Чүйдө 74 жаштагы атасын сабаган жаранга сот өкүмү чыкты

Чүйдө 74 жаштагы атасын сабаган жаранга сот өкүмү чыкты

Чүй облусунда атасын сабаган жаранга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Жогорку соттун сайтында маалымдалды.

Иш Панфилов райондук сотунда 14-апрелде каралган.

Соттун токтомунда айтылгандай, окуя быйыл 21-январда болжол менен саат 21:00до болгон. 49 жаштагы Мурат (аттар өзгөртүлдү) мас абалында сабы жыгач балтаны колдонуп, өзүнүн 74 жаштагы атасы Даниярга кол көтөрүп, денесине залал келтирген. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, карыянын ден соолугуна жеңил залал келтирилген.

Карыянын айтымында, окуя болгон күнү уулу ичимдик ичип алып, аны сөгүп, урган. Ал уулуна мыйзамга ылайык жаза берүүнү суранган.

Ал эми айыпталуучу Мурат күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурап, экинчи андай кылбай турганын айтып, жеңил жаза берүүнү өтүнгөн.

Сот тараптарды угуп, айыпталуучунун мурда соттолбогонун, күнөөсүн моюндаганын эске алып, эркиндигинен ажыратуудан башка жаза берүүнү туура көргөн. Ага ылайык Мурат 136-берене (Ден соолукка жеңил залал келтирүү (20 миңден 50 миң сомго чейин айып пул салынат же кырк сааттан жүз саатка чейин коомдук иштерге тартылат) боюнча күнөөлүү деп табылып, 60 сааттык коомдук жумуштарды аткаруу жазасы берилген.

Соттун чечими менен макул болбогон тарап 30 күн ичинде облустук сотко кайрыла алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: өкүм сот Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>