КРСУ жана КФС студенттик футболду өнүктүрүшөт

Кыргыз-Орусия Славян университети (КРСУ) жана Кыргыз футбол союзу (КФС) кадрларды даярдоо, студенттик спорт жана футбол инфраструктурасы жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү макулдашты. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, КРСУнун ректору Сергей Волков КФСтин вице-президенти Нурдин Букуев менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
«Тараптар студенттик, мектептеги жана өспүрүмдөр арасындагы футболду өнүктүрүү, спорттук секцияларды түзүү жана жаштар арасында спортту, сергек жашоо образын жайылтууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу келечегин талкуулашты», — деп айтылат билдирүүдө.
Жолугушуунун катышуучулары спорттук тармак үчүн кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурушту. Университетте буга чейин эле «Дене тарбия» багыты боюнча Орусия Федерациясынын 20 бюджеттик орду бөлүнгөн.
Мындан тышкары, спорттук менеджмент жана футбол калыстыгы жаатында билим берүү программаларын өнүктүрүү, студенттердин КФСтин долбоорлоруна катышуусу, ошондой эле спорттук медицина жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланды.
Өзүнчө тема катары КРСУнун спорттук инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси каралды.
«Тактап айтканда, тараптар университеттин келечектеги кампусунун аймагында футбол аянтчаларын түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. КФС бул долбоорлорду ишке ашырууда эксперттик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди», — деп маалымдашты басма сөз кызматынан.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин Нурдин Букуев КРСУнун делегациясына Кыргыз футбол союзу боюнча экскурсия өткөрүп, конокторду машыгуу базасы жана футболду өнүктүрүүнүн учурдагы программалары менен тааныштырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуу келишимин жана биргелешкен жол картасын даярдоого киришүүнү макулдашты.