Күч түзүмдүн мурунку кызматкери баңгизат менен кармалды — видео

Күч түзүмдүн мурунку кызматкери баңгизат менен кармалды — видео

Таш-Көмүр шаарында 3 кг баңгизат сатууга аракеттенген жергиликтүү тургундар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын узак мөөнөттүү атайын операциянын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагына баңги каражаттарынын оор түрлөрүн жеткирүү каналын уюштурган трансулуттук баңги тобунун ишине бөгөт коюлду.

Таш-Көмүр шаарында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө гашиш баңгизаттарын сатууга аракет кылган учурда Аксы районунун 1955-жылы туулган А.К. аттуу тургуну  кармалган. Контролдук таразалоодо алынган заттын салмагы 2 кг 935 гр түзгөн.

Тергөө учурунда кармалган жаран 2009-жылы Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан баңгизаттга байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн камалып, 2017-жылы бошотулган. Мындан тышкары, ал күч түзүмдөрүндө мурда иштеп кеткен.

Мындан аркы издөө иш-чараларын жүргүзүүдө баңги тобунун башка мүчөлөрү аныкталып, алардын бири Таш-Көмүр шаарынын тургуну А.С. экени аныкталып, кармалган.

Бул факт боюнча Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча мындан аркы тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>