Кырчын жайлоосуна барчу жолго асфальт төшөлүп жатат

Ысык-Көл районундагы Григорьевка – Көл – Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырым тилкесинде оңдоо иштери уланууда. Учурда жолдун негизин даярдоо жана көпүрө куруу жумуштары аткарылып жатат.
Транспорт министрлигинин маалыматында, долбоордун алкагында жалпы 34 чакырым жолду жаңылоо каралган. Буга Семёновка – Ак-Суу жолунун 21 чакырымы жана Григорьевка – Көл – Кашка-Суу жолунун 14 чакырымы кирет. Бүгүнкү күндө 18 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.
Бул жол Кырчын жайлоосуна баруучу негизги багыт болуп саналат. Жолду оңдоо аймактагы туризмди өнүктүрүүгө жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө багытталган.
Ишти «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №7 Жол тейлөө бөлүмү жүргүзүүдө. Ал эми каржы Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинен бөлүнгөн.