Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты 10-июнда өтөт

09.06.2026 | 10:13
Мурдагы башкы прокурор жана ЖКнын экс-төрагасы Мыктыбек Абдылдаев дүйнөдөн кайтты — новости Кыргызстана

Дүйнөдөн кайткан мамлекеттик жана саясий ишмер Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты 10-июнда саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мыктыбек Абдылдаев кечээ, 8-июнда, 73 жаш курагында каза болду. Жакындарынын маалыматы боюнча, кечээ анын абалы кескин начарлап кетип, өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Абдылдаев өмүрүндө бир катар мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген. Ал ар кайсы жылдары Кыргызстандын Башкы прокурору, Ички иштер министри, президенттик администрациянын жетекчиси болуп иштеген. Ошондой эле Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты болгон.

2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланып, саясий кризис учурунда парламентти жетектеген. Акыркы жылдары ал Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси кызматында эмгектенип келген.

Scroll to Top