Кыргыз-Кытай чегинде жүк ташуучу унаалар топтолуп калды

Кыргыз-Кытай чегинде жүк ташуучу унаалар топтолуп калды

29-мартка карата «Эркечтам-автодорожный» өткөрүү пунктунун алдында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калды. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  буга себеп жүк ташуу менен алектенген кыргызстандыктар үчүн берилүүчү визалардын көбөйүшүнө байланыштуу. Аба ырайынын жакшырышы да жүк ташуунун көбөйүшүнө шарт түздү.

Белгилей кетсек, жүк ташуулардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу «Эркечтам-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери нормадан ашыкча иштеп, суткасына 300дөн ашык жүк ташуучу унааларды чек арадан өткөрүүдө, бул өткөрүү пунктунун өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн бир нече эсе жогору.

КР УКМКнын Чек ара кызматы айдоочуларды жана жүк ташуучуларды бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатканын УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>