GovTicket: Шакиранын концертине билеттердин баасы арзандатылбайт

18-октябрда Bishkek Arena аренасында өтө турган Шакиранын концертине билеттердин баасы сатык башталгандан бери өзгөргөн жок жана арзандатылбайт. Бул тууралуу расмий GovTicket билет платформасы билдирди.
Концертке жарактуу билети бар көрүүчүлөр гана киргизилет. Уюштуруучулар бул эрежеден эч кандай өзгөчөлүк болбой турганын эскертишти.
Өнөктөштөр жана башка билет операторлору өз кардарлары үчүн акцияларды өткөрүп, арзандатууларды өз алдынча сунуштай алышат. GovTicket алардын баа саясатына кийлигишпейт. Ал эми өз платформасында расмий бааларды бирдей сактайт.
Билеттерди сатуу уланууда. Орундардын кыйла бөлүгү сатылып кеткендиктен, отургучтары бар билеттердин саны азайып баратат. Көрүүчүлөргө билеттерди акыркы күнгө калтырбай сатып алуу сунушталат.