Эр-Рияддагы аэропортко экинчи жолу чабуул жасалды. Кыргызстандын ТИМи соккуларды айыптады

11-октябрда, Сауд Арабиясынын борбор калаасы Эр-Рияддагы аэропортко кайрадан сокку урулуп, кеминде бир адам каза тапты, 11 адам жаракат алды. Өлкөнүн Жарандык авиациянын башкы башкармалыгы (GACA) соцтармакта маалымдагандай, чабуулдан каза болгон адам Пакистандын жараны болгон.
Халид падыша атындагы эл аралык аэропорт 10-октябрда да сокку алдында калып, анда 13 адам каза тапкан. Ошондой эле 309 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Эл аралык ЖМКлардын маалыматында, Эр-Рияддын аэропортундагы соккулар үчүн Йемендеги хуситтер жоопкерчилик алышууда. Алар аэропортко чабуулда баллистикалык ракеталар жана учкучсуз учак колдонулганын билдиришти. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү Сауд Арабиясынын аэропортторун пайдаланбоого чакырышты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул чабуулда каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында кыргызстандык жарандар жок экенин маалымдады. Мекеме Сауд Арабиясындагы кырдаалды эске алып, жарандарды коопсуздук чараларын сактоого, кооптуу аймактарга барбай турууга чакырды.
Ошондой эле ТИМ аэропорттун аймагына жасалган соккуларды чечкиндүү түрдө айыптай турганын билдирди. Министрлик жарандык жана авиациялык инфратүзүм объекттерине чабуул жасоо эл аралык укуктун ченемдерин бузуу жана жарандык авиациянын коопсуздугуна коркунуч келтирүү болуп саналарын айтты.
“Кыргыз Республикасы бардык чыр-чатактарды жана пикир келишпестиктерди эл аралык укуктун принциптерине жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык, сүйлөшүүлөр аркылуу, жалаң гана тынчтык жолу менен жөнгө салууну ырааттуу жактап келет. Бардык тараптарды сабырдуулукка жана кырдаалдын мындан ары туруксуздашуусуна алып келе турган аскердик аракеттерден баш тартууга чакырабыз”,- деп билдирди ТИМ.