Казакстанда эт 1400 сомго, Өзбекстанда 1200 сомго чейин сатылууда — министр

Казакстанда эттин баасы килограммына 1400 сомго, ал эми Өзбекстанда 1200 сомго чейин жетет. Мындай маалыматты Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эттин баасын килограммына 770 сомдон ашырбоо боюнча чечим кабыл алган.
Баанын өсүшүн ооздуктоо үчүн бийлик өлкөдөн мал экспорттоого алты айлык мораторий киргизген. Мындан тышкары, Бишкекте пилоттук режимде 10 фудтрак орнотулуп, анда эт килограммына 680 сомдон сатылууда.
Министр мамлекет товардык интервенцияларды да жүргүзүп жатканын билдирди. Тактап айтканда, Россиядан мал сатып алынып, Кыргызстанга кошумча үстөк баа кошулбастан, жол чыгымдары гана эсептелип алып келинүүдө. Анын айтымында, мунун натыйжасында малды базар баасынан 100–150 миң сомго арзан сатууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
Акунбеков көрүлгөн чаралар малдын баасынын төмөндөшүнө өбөлгө түзүп жатканын белгиледи. Министрлик мунун артынан эттин баасы да арзандайт деп күтүп жатат.
Ошол эле учурда министр эттин баасын төмөндөтүү жергиликтүү фермерлер үчүн кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн экенин айтты.
«Бир жагынан, биз сатып алуучуларга, өзгөчө шаар тургундарына жеңилдик түзүп жатабыз. Бирок экинчи жагынан, бул дыйкандар үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн», — деди ал.
Министрдин айтымында, эттин баасын мындан ары төмөндөтүү үчүн биринчи кезекте тоюттун наркын арзандатуу зарыл. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо үчүн эки багыт боюнча жеңилдетилген насыя берүү программалары иштеп жатат.