Кырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атады

30.10.2026 | 22:08
Виновата авария: в мэрии Бишкека назвали причину повреждения новой облицовки — Новости Кыргызстана

Бишкек мэриясы Айтматов проспектиси менен Шабдан Баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги жол өтмөктүн каптамасы эмне себептен бузулганын түшүндүрдү. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жол өтмөктүн дубалын унаа сүзгөн. Мэрия мындай түшүндүрмөнү ЖМКларда каптаманын бузулганын көрсөткөн сүрөттөр жана видеолор жарыялана баштагандан кийин берди. Ошондой эле каптама өзүнөн-өзү сыйрылып түшүп жатат деген маалыматтарды четке какты.

Мэриянын маалыматына караганда, өткөн түнү Honda CR-V унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол өтмөктүн дубалын сүзгөн. Натыйжада каптаманын бир бөлүгү жабыркаган. Айдоочу өзү жабыркаган эмес.

Муниципалитет жарыяланган сүрөттөр жана видеолор курулманын бир гана бөлүгүн көрсөтүп, жалпы абалды толук чагылдырбай турганын билдирди.

«Каптама соккунун күчүн жумшартты. Эгер унаа бетон тосмону сүзгөндө, кесепети мындан да оор болушу мүмкүн эле. Учурда каптама калыбына келтирилүүдө», — деп түшүндүрүштү мэриядан.

Буга чейин «Элдик кабарчы» рубрикасына Айтматов проспектиси менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жол өтмөктүн сүрөттөрү келип түшкөн. Сүрөттөрдө быйыл жайында жаңыланган каптаманын тешилген жерлери жана сыйрылып калган панелдери көрүнгөн. Ал учурда бузулуунун себептери белгисиз болчу.

Теги: мэрия
Scroll to Top