Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат
28.10.2026 | 17:17

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен 29–30-октябрь күндөрү Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат. Жыйында аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер талкууланат.
Саммиттин соңунда Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын Анкара декларациясына жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Садыр Жапаров, Түркия