Көз айнек» белгиси бар айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жолу түшүндүрүлдү

29.10.2026 | 09:36
Көз айнек» белгиси бар айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу жолу түшүндүрүлдү — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда көзүн лазердик коррекциядан өткөргөн айдоочулар күбөлүгүн алмаштырып, андагы көз айнекти милдеттүү түрдө тагынуу тууралуу белгини алып сала алышат. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча мамлекеттик борбордун басма сөз кызматынан билдиришти.

Редакцияга: «Көз айнекти милдеттүү түрдө тагынуу белгиси менен күбөлүк алып, бирок кийинчерээк көрүүсүн калыбына келтирген айдоочу эмне кылышы керек?» деген суроо келип түшкөн.

Мамлекеттик борбордон түшүндүрүшкөндөй, көздү лазердик коррекциялоодон кийин медициналык кароодон өтүп, № 083 формасындагы маалымкатты алуу зарыл. Документте айдоочу мындан ары көз айнекке муктаж эмес экендиги көрсөтүлүшү керек. Бул маалымкат менен аталган борбордун каалаган аймактык бөлүмүнө кайрылып, айдоочулук күбөлүктү алмаштырууга арыз берүүгө болот.

Арызды тариздөөдө жаңы медициналык маалымкаттын маалыматтары «АИС РВС» автоматташтырылган маалымат тутумуна киргизилет. Ал эми «Көз айнек тагынуу» графасында «Жок» деп белгиленет.

Маалыматтар жаңыртылгандан кийин айдоочу көз айнекти милдеттүү түрдө тагынуу белгиси жок жаңы күбөлүк ала алат.

Анара Мамытова

Scroll to Top