Аңдуу, буллинг, кысым. Медиа коомчулук бийликти диалогго чакырат

Аңдуу, буллинг, кысым. Медиа коомчулук бийликти диалогго чакырат

Эркин маалымат каражаттары, көз карандысыз журналисттер жана блогерлер бийликтин жана атайын түзүлгөн фейктер менен троллдордун фабрикасынын болуп көрбөгөндөй кысымына дуушар болушууда. Бул тууралуу Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасынын кайрылуусунда айтылат.

Журналисттерге карата эң бир жийиркеничтүү ыкмалар колдонулуп, алардын жеке жашоосуна кийлигишүү, жекече видеолорду социалдык тармактарга чыгаруу, адамдын интимдик жана үй-бүлөлүк жашоосуна таасирин тийгизген кибербуллинг болуп жатканы белгиленет.

“Бүгүнкү күндө бардык мыйзам ченемдерин бузуу менен жеке видеолор, үй-бүлөлүк сүйлөшүүлөр, интимдик сүрөттөр жана башка мыйзам тарабынан корголгон жашыруун маалыматтар жазылып, социалдык тармактарга тарап жатат. Ал эми атайын түзүлгөн фейктер жана троллдор фабрикасы (мамлекеттик бюджеттен каржыланат) бул аудио, видео жана сүрөттөрдү кастык сөздөрдү колдонуп, чагымчылдык менен социалдык тармактарда активдүү жайылтууда. Буга мисал катары жакында “Клооптун” журналисти менен “Темиров Лайв” ресурсунун кызматкеринин окуяларын айтсак болот”, — деп айтылат кайрылууда.

Медиа коомчулук Конституция ар бир адамдын жекече жашоосуна жана анын купуялуулугуна болгон укукту кепилдерин эскертет. Мындан улам журналисттердин жана блогерлердин жеке жашоосун коргоо, мыйзам менен корголгон маалыматтардын таркатылышына бөгөт коюу жана күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопко тартуу өтүнүчү менен кайрылат.

“Биз сиздерден Кыргызстандагы сөз эркиндигине жана көз карандысыз журналистикага коркунуч келтирген  мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышына жол бербөөнү суранабыз. Биз сиздерди күчтүү жана эгемендүү Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү үчүн, жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомдук уюмдар менен диалогго чакырабыз!”, — дейт медиа коомчулук.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>