Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Кыргызстан былтыр автоунаалардын импортун 2,9 эсеге көбөйттү
05.01.2023 | 11:34
Январь-октябрь айларында Кыргызстанга 29 110 унаа алынып келинген. Импорттолгон автоунаалардын жалпы суммасы 28 миллиард 484 миллион 685,9 миң сом, же 345 миллион 149 миң доллар деп бааланган. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Импорттолгон автоунаалардын саны боюнча 114 миллион 938,6 миң доллардан 2,9 эсеге, наркы боюнча 3 эсеге өсүү байкалууда.
Кыргызстанга автоунааларды негизги жеткирүүчү болуп Грузия – 6 463, Корея – 5 755, Орусия – 5 612, АКШ – 3 922 жана Жапония – 2 250 болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика