Бишкекте кыймылсыз мүлк сатып алуучулар үчүн OSK Forum 2026 форуму өтөт

Бишкекте 21-ноябрда кыймылсыз мүлк сатып алууга арналган OSK Forum 2026 «Алтын Аянт» форуму өтөт. Иш-чара саат 10:00дөн 18:00гө чейин Dasmia комплексинин «Хан-Теңири» залында өткөрүлөт.
Форум турак жай алууну көздөгөндөрдү, курулуш компанияларынын жана банктардын өкүлдөрүн, юристтерди жана тармактык эксперттерди бир аянтчага бириктирет. Катышуучуларга батирди кантип туура тандоо, куруучунун ишенимдүүлүгүн текшерүү жана келишим түзүүдөгү тобокелдиктерден кантип сактануу керектиги айтылат.
Форумдун программасында:
• документтерди текшерүү жана курулуш объектилеринин ишенимдүүлүгүнө баа берүү;
• сатып алардан мурун куруучу компанияга бериле турган зарыл суроолор;
• турак жай комплекстерин салыштыруу жана район тандоо;
• ипотека жана бөлүп төлөө шарттары;
• кыймылсыз мүлк бүтүмдөрүнүн юридикалык өңүттөрү;
• имараттардын сейсмотуруктуулугун кошкондо, курулуштун техникалык өзгөчөлүктөрү.
Күн бою негизги программа менен катар EXPO-аймак иштейт. Анда 10го чейин курулуш компаниясы өз долбоорлорун тартуулайт. Келген коноктор куруучулар менен түздөн-түз баарлашып, сунуштарды салыштырып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.
Долбоорлор менен негизги программа башталганга чейин, фуршет учурунда жана эксперттердин сөзү аяктагандан кийин таанышууга болот.

«OSK Forum — бул бир күндүн ичинде бир эле жерден куруучуларга, юристтерге, банктарга жана техникалык эксперттерге суроолорду узатууга, ошондой эле ар кандай варианттарды салыштырууга берилген сонун мүмкүнчүлүк», — деп белгиледи OSK’нын негиздөөчүсү жана жетекчиси Бактияр Касымалиев.
Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, OSK’нын буга чейинки конференциясы кыймылсыз мүлк сатып алууну каалаган 300гө жакын адамдын башын бириктирип, алардын 288и билет сатып алган. Иш-чаранын жыйынтыгында жалпы суммасы 2,4 миллион долларга жакын 30 бүтүм түзүлгөн.
Форумга билеттерди шилтеме аркылуу сатып алууга болот.
Reporter.kg — OSK Forum 2026 «Алтын Аянт» форумунун маалыматтык өнөктөшү