Бишкекте таэквон-до GTF боюнча Азия чемпионаты өтөт

02.11.2026 | 13:28
В Бишкеке пройдет чемпионат Азии по таэквон-до GTF — Новости Кыргызстана

24–30-ноябрь күндөрү Бишкек шаарындагы «Жаштык Арена» спорт комплексинде таэквон-до GTF боюнча Азия чемпионаты жана биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Таэквон-до GTF федерациясы кабарлады.

Мелдеш Азия таэквон-до GTF федерациясынын расмий турнири болуп саналат. Ага Азиянын 25 өлкөсүнөн 1500гө жакын спортчу катышат. Беттештер бир убакта алты аянтчада (доянг) өтөт. Атайын техника жана күч менен сындыруу багыттарынан тышкаркы бардык таймаштарда жергиликтүү адистер иштеп чыккан «GTF Kalys» электрондук калыстык системасы колдонулат.

Азия чемпионатында 18–37 жаштагы эркектер жана аялдар, ошондой эле ардагерлер (1–5 дан) таймашат. Ал эми биринчиликте 10–11, 12–14 жана 15–17 жаштагы спортчулар күч сынашат. Программа хёнг, массоги, поинт-стоп, күч менен сындыруу, атайын техника жана командалык дисциплиналарды камтыйт.

Андан сырткары, чемпионаттын алкагында 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр катышкан Түстүү курлар фестивалы уюштурулат.

Көрүүчүлөр үчүн мелдештерге кирүү акысыз.

Scroll to Top