Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого шектелген жарандан 777 метр тор алынды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз балык уулоого шектелген жарандын үйүнөн 777 метр синтетикалык тор табылып алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери Кызыл-Суу айыл аймагындагы Ысык-Көлдүн жээгинен кылмыш үстүндө жергиликтүү тургун, 2001-жылы туулган О.А. аттуу жаранды кармашкан.

Окуя болгон жерди кароо учурунда тартип сакчылары эки синтетикалык торду, беш форель жана бир сиг балыгын алышкан.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн алкагында 4-ноябрда милиция кызматкерлери шектүүнүн үйүндө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүшкөн. Анын үйүнөн жалпы узундугу 777 метр болгон синтетикалык торлор, бир кургатылган балык, эки капкан, эки кайык калагы, сайсыз ок атуучу куралдын гильзалары жана эки темир идиштеги порох табылган.
Табылган бардык буюмдар далил зат катары алынды.
Шектүү КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелеринин негизинде Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Соттук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.