КРда ыдык көрсөткөндөргө айып, камак жана абак жазасы сунушталды

Кыргызстанда сексуалдык ыдык көрсөтүү үчүн өзүнчө жоопкерчилик киргизүү сунушталууда. Мындай аракеттер үчүн 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу же жети суткага чейин камакка алуу, ал эми айрым шарттарда кайталап жасалган мыйзам бузуулар үчүн төрт жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду.
«Колдонуудагы мыйзамдарда ыдык көрсөтүү үчүн жоопкерчилик боюнча өзүнчө норма каралган эмес. Ушундан улам мыйзам бузуучуларды жасаган аракетине жараша жоопко тартуу жана жабырлануучуларды коргоону камсыз кылуу дайыма эле мүмкүн боло бербейт», — деп айтылат негиздеме-маалымкатта.
Документте Акыйкатчынын (Омбудсмендин) 2023-жылдагы жылдык баяндамасындагы сурамжылоонун жыйынтыктары келтирилген.
Сурамжылоого ылайык, 250 аял жана кыздын 90%ы коомдук транспортто ыдык көрсөтүүлөргө кабылган. Респонденттердин 80%ы жактырбаган тийишүүлөргө, 69%ы кыйтыйган көз караштарга, 57%ы тийишүү-асылууларга туш болгонун билдиришкен. Дагы 14 пайызы сексуалдык мүнөздөгү талаптарга жана уяттуу жерлерин көрсөтүүгө туш болушкан.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси так укуктук механизмдердин жоктугу мындай аракеттерге баа берүүнү татаалдаштырып, алдын алуу иштеринин натыйжалуулугун төмөндөтүп жатканын белгилейт.
Мыйзам долбоору Укук бузуулар жөнүндө кодекске жаңы «Ыдык көрсөтүү» беренесин киргизүүнү карайт.
Ыдык көрсөтүү деп — адамдын эркине каршы жасалган жана коркутуу, кастык, басынтуу же кемсинтүү жагдайын жараткан сексуалдык мүнөздөгү атайылап жасалган аракеттерди түшүнүү сунушталууда.
Мындай аракеттерге төмөнкүлөрдү киргизүү сунушталат:
- жактырбаган тийишүүлөр, кыналуу, чымчуу, өбүү жана сылоо;
- сексуалдык мүнөздөгү сөздөр жана уятсыз жаңсоолор;
- жыныстык органдарын көрсөтүү;
- сексуалдык мүнөздөгү сүрөттөрдү, видео жана аудио материалдарды жөнөтүү;
- байланыш каражаттарын колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү чалууларды жасоо;
- жогоруда аталган аракеттер менен коштолгон артынан түшүү (куугунтуктоо).
Жаңы берене боюнча жоопкерчилик эгер мыйзам бузуучунун аракетинде Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелеринде каралган кылмыштын белгилери жок болгон учурда келип чыгат.
Ыдык көрсөткөндүгү үчүн 20 миң сом айып пул салуу же 3 суткадан 7 суткага чейин камакка алуу сунушталууда. Бир жыл ичинде кайталап жасалган аракеттер үчүн, ошондой эле соттун колдонуудагы тыюу салуулары же чектөөлөрү болгон учурда 2 жылдан 4 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Ошону менен бирге шантаж же жабырлануучунун материалдык же башка көз карандылыгынан пайдаланып сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо үчүн санкцияны өзгөртүү сунушталууда.
Мындан тышкары, жабырлануучуларды коргоо максатында учурда үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан укук бузуулар үчүн каралган электрондук байкоо жүргүзүү менен соттук тыюу салууларды жана чектөөлөрдү ыдык көрсөтүү учурларына да жайылтуу сунушталууда.
Атап айтканда, сот үч айга чейинки мөөнөткө төмөнкүлөрдү белгилей алат:
- жабырлануучу менен түз байланышууга тыюу салуу;
- артынан түшүүгө (куугунтуктоого) тыюу салуу;
- куралдын айрым түрлөрүн убактылуу алуу мүмкүнчүлүгү менен аларды сактоого жана колдонууга тыюу салуу;
- белгилүү бир жерлерде болууга чектөөлөр;
- жабырлануучунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн башка чаралар.
Түзөтүү программасынан өтүүдөн же белгиленген чектөөлөрдү аткаруудан баш тарткандар үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 72-беренесинин колдонуудагы санкциясын — 40 саат коомдук жумуштарга тартуу же жетиден он төрт суткага чейинки мөөнөткө камакка алуу чарасын колдонуу сунушталат.
Мындан тышкары, ыдык көрсөтүүнүн алдын алууну укук бузуулардын атайын алдын алуу багыттарынын катарына киргизүү сунушталууда.
Демилгечинин пикиринде, бул өзгөртүүлөр жабырлануучуларды коргоону күчөтүүгө, мыйзам бузуулардын кайталанышын алдын алууга жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуунун өзүнчө механизмин түзүүгө мүмкүндүк берет.
Анара Мамытова