Бишкекте 12 короо жана «Карагач багы» көрктөндүрүлөт — даректери жана каралган суммалар

Бишкекте 12 короону көрктөндүрүү жана «Карагач багы» сейил багын оңдоп-түзөө пландалууда. Бул максаттарга дээрлик 839 миллион сом каралган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, 500 миллион сом республикалык бюджеттен бөлүнсө, калган сумманы Бишкек шаарынын мэриясы кошот. Каржылоонун жалпы көлөмүнүн ичинен 308 миллион сому короолорду көрктөндүрүүгө, ал эми 530,6 миллион сому «Карагач багын» реконструкциялоого багытталат.
Кайсы короолор көрктөндүрүлөт?
Октябрь районундагы үч аймакты жаңылоого 75,3 миллион сом каралган:
- Туңгуч кичи району, № 54 үй — 24 миллион сом;
- Ахунбаев көчөсү, № 130а жана 32а үйлөр — 30,2 миллион сом;
- 6-кичи район, № 1, 2, 2/1 жана 2/2 үйлөр — 21 миллион сом.
Бул аймактарда жарыктандыруу орнотуу, жашылдандыруу, сугат тутумун куруу жана башка иштерди жүргүзүү пландалууда.
Ленин районунда көрктөндүрүү иштерине 82,9 миллион сом бөлүнөт. Жумуштар төмөнкү даректерде жүргүзүлөт:
- Руставели көчөсү, № 95, 97 жана 99 үйлөр;
- Чокморов көчөсү, № 185 үй;
- Чокморов жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилиши.
Биринчи май районунда 85 миллион сом каралган. Көрктөндүрүү төмөнкү жерлерди камтыйт:
- «Манас» авиашаарчасы;
- Панфилов көчөсү, № 13 үй;
- Скрябин көчөсү, № 19 үй.
Свердлов районунда бул жумуштарга 65 миллион сом багытталат. Тизмеге төмөнкүлөр кирди:
- Аламүдүн-1 кичи району, № 30 үй;
- Энергетиктер шаарчасы;
- Чыгыш-5 (Восток-5) кичи району, № 24 жана 25 үйлөр.
«Карагач багын» реконструкциялоого 530,6 миллион сом каралган. Бул жерде жөө адамдар басуучу жолдорду, көлмөлөрдү, спорт аянтчаларын жана эс алуу аймактарын жаңылоо, ошондой эле жашылдандыруу иштерин жүргүзүү пландалууда.
Дастан Бекешев бардык сметалар азырынча алдын ала эсептелген сандар экенин тактады.
«Шаардын короолорду колго алганына кубанычтамын. Убакыттын өтүшү менен калгандарына да кезек жетет деп ишенем», — деп белгиледи эл өкүлү.