Жапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдар
Өлкө башчы Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Юта штатынын Олимпиадалык паркына барды. Ал жерде президент 2034-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын Уюштуруу комитетинин төрагасы Фрейзер Баллок менен жолугушту.
Ошондой эле Садыр Жапаров аталган штаттагы спорттук инфратүзүмдүн өнүгүшү жана 2034-жылкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү пландары менен таанышкан.
Паркта өлкө башчыны Юта штатынын кышкы спорт түрлөрүн балдар жана мектеп окуучулары арасында жайылтуу, спортко массалык түрдө катышууну кеңейтүү жана туристтерди тартуу үчүн заманбап спорттук инфраструктураны пайдалануу тажрыйбасы өзгөчө кызыктырган.
«Кыргызстан үчүн бул абдан баалуу тажрыйба. Биз заманбап спорттук инфраструктураны гана өнүктүрбөстөн, кышкы спорт түрлөрү менен мүмкүн болушунча көп балдар жана жаштар машыга турган шарттарды түзүшүбүз керек. Бул - улуттун саламаттыгы, спорттун, туризмдин өнүгүшү жана өлкөнү таанытуу менен бирге жүрөт», — деп билдирген ал.
Бул жолугушуудан кийин Садыр Жапаров Юта штатынын кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү, жаш спортчуларды даярдоо жана спорттук инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу тажрыйбасын үйрөнүүнү, 2034-жылдагы Олимпиада оюндарынын Уюштуруу комитети жана штаттын спорттук уюмдары менен кызматташуу багыттарын иштеп чыгууну тапшырган. Ошондой эле ал спортчуларды даярдоону өнүктүрүү, Кыргызстан үчүн жаңы болгон кышкы спорт түрлөрүн өздөштүрүү милдетин койгон.




