Банктар сом менен чет элдик валютага караганда 700% көп насыя беришти Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктадыБишкекте айдоо укугунан ажыратылган BMW айдоочусу кубалашып, МККБнын унаасын сүздүБишкекте тазалоочу курулмалар модернизацияланып, биогумус алуу пландалуудаКыргыз режиссеру Артыкпай Сүйүндүков АКШда «Ак илбирс» сыйлыгына татыдыТатьяна Кимдин Wildberries’тен кетиши: компаниядан эмне деп билдиришти
Бишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
20.09.2026 | 14:00

22-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Суу берүү Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү, темир жол жээги, ошондой эле «Алтын-Ордо», «Кара-Жыгач» конуштарында жана «Полицейский городок» аймагында токтотулат. Чектөө турак жайларга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине, социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттерге тиешелүү.

Ичүүчү суу «Контррезервуарлар» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом