Кыргызстан Кытайга таза сууну сатууга кызыкдар

Кыргызстан Кытайга таза сууну сатууга кызыкдар

Кыргызстан Кытай, Европа жана Азия өлкөлөрүнө таза суу сатууну көздөйт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Белгилүү болгондой, Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна болгон иш сапарынын алкагында Qingdao Laoshan Mineral Water Co.,Ltd. компаниясынын башчысы Ван Да менен жолугушкан. Жолугушууда Жапаров Кыргызстан суу башында турган өлкө экенин, аны чет өлкөгө сатууга кызыкдар экенин айткан.

«Биз мөңгүлөрдүн башында турабыз, экологиялык жактан таза сууну Кытай, Европа жана Азия өлкөлөрүнө экспортоого даярбыз. Бизге «Лаошан» сыяктуу компаниялардын тажрыйбасы керек», — деген ал.

Өз кезегинде суу жана суусундуктарды чыгарган компаниянын башчысы Ван Да таза сууну Кыргызстандан Кытай аркылуу Европага экспорттоого кызыкдарлыгын билдирген.

Жыйынтыгында тараптар аталган маселенин үстүндө иштөө үчүн өз ара сапарларды уюштурууну макулдашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>