Кыргызстан менен Ооганстандын ортосунда Ишкердик кеңеши түзүлдү

29.06.2026 | 11:20
Кыргызстан менен Ооганстандын ортосунда Ишкердик кеңеши түзүлдү — Новости Кыргызстана

Кыргызстан менен Ооганстандын ортосунда кызматташтыкты чыңдоо максатында Кыргыз-ооган ишкердик кеңеши түзүлдү. Тиешелүү келишимге эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн форумдун алкагында кол коюлду. Бул тууралуу Соода – өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы түзүлгөн ишкердик кеңеши ишкерлердин түз диалогун өнүктүрүү, биргелешкен демилгелерди колдоо жана экономикалык долбоорлорду илгерилетүү үчүн туруктуу платформа болот.

Форумга Ооганстандын Соода жана инвестиция палатасынын төрагасы Сайед Мохаммад Карим Хашеми баштаган делегация, кыргыз бизнесинин 100гө жакын өкүлү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев эки өлкөнүн соода байланышы өсүп жатканын белгилеген. Анын айтымында, 2024-жылы Кыргызстандын Ооганстанга экспорту рекорддук көрсөткүчкө жетип, 50,4 миллион доллардан ашкан. 2025-жылдын башынан бери экспорттун көлөмү 29,2 миллион долларды түздү. Ал ошондой эле ишкердик кеңештин түзүлүшү системалуу кызматташтык үчүн негиз болорун жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгилеген.

Ооган делегациясы өз кезегинде соода, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, курулуш жана логистика тармактарында кызматташууга кызыкдар экенин билдирген.

Scroll to Top