Кыргызстандык ишкерлер Бразилиянын эт жана кофе өндүрүшү менен таанышууда

17.11.2026 | 15:42
Кыргызстандык ишкерлер Бразилиянын эт жана кофе өндүрүшү менен таанышууда — Новости Кыргызстана
Кыргызстандык ишкерлер Бразилиянын эт жана кофе өндүрүшү менен таанышууда — иллюстрация
Кыргызстандык ишкерлер Бразилиянын эт жана кофе өндүрүшү менен таанышууда — контекст события

Кыргызстандык 40ка жакын ишкер Бразилиянын эт жана кофе өндүрүшү менен таанышып, тажрыйба топтошууда. Бизнес-миссиясы Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы уюштурган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө КРдин Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен Сан-Паулу соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Рубин Сторис Миграно жолугушкан. Анын эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү, ишкерлердин кызматташтыгын өнүктүрүү жана рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Жолугушууга Кыргызстандан барган ишкер да катышкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кофе индустриясына жана эт өндүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулган. Бул багытта тажрыйба алмашуу жана ишкердик байланыштарды түзүү маселелери талкууланган.

Соода-өнөр жай палатасынын маалыматында, Бразилия кофе өндүрүү жана экспорттоо боюнча дүйнөлүк көрсөткүчтөргө ээ, ал эми Кыргызстан Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн арасында кофе керектөө боюнча жогорку орунда турат.

Бизнес-миссиясынын алкагында кыргызстандык ишкерлер Бразилиянын эт комбинаттарына жана кофе плантацияларына барып, өндүрүш процесстери, технологиялар жана ишканалардын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышкан.

Бизнес-миссия Enactus Kyrgyzstan уюму жана Бразилиянын Кыргызстандагы Ардактуу консулдугу тарабынан КРдин Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен уюштурулган.

Scroll to Top