Москвада Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту

11-ноябрда Москва шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Садыр Жапаров кыргыз-орус кызматташтыгында жетишилген натыйжаларга эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда калыптанган ишенимдүү мамилелер жана конструктивдүү диалог өбөлгө болгонун билдирген.
Өз кезегинде Владимир Путин кыргыз-орус кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, эки тараптуу күн тартибиндеги багыттар боюнча иш алып барууга даяр экендигин айткан.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, энергетика, өнөр жай жана финансы секторлорундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашкан.
Ошондой эле тараптар биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришкен.