Кыргызстанда 2027-жылдагы ажылыкка каттоо 25-августта башталат — толук маалымат

Кыргызстандан 2027-жылдагы ажылык сапарына барууну каалаган жаңы талапкерлерди каттоо 25-августта саат 09:00дө башталат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Каттоо үчүн өзүнүн электрондук идентификациясы (eID) бар паспортун же ID-картасын «Ажылык» мамлекеттик санариптик системасына жүктөп, ошондой эле банк тиркемеси же электрондук капчык аркылуу 180 миң сом өлчөмүндөгү алгачкы төлөмдү төлөө зарыл.
Төлөмдөрдү кабыл алуу Кыргызстанга бөлүнгөн квота (орундар) толгонго чейин жүргүзүлөт. Бардык орундар толгондон кийин, система автоматтык түрдө төлөм кабыл алууну токтотот.
Катталган талапкерлердин арасында орундар төлөм төлөнгөн убакытка жараша автоматтык түрдө бөлүштүрүлөт.
Каттоодон өткөндөн кийин талапкерлер белгиленген мөөнөттө калган зарыл документтерди чогултуп, «Ажылык» системасына жүктөшү керек. Быйыл каттоо учурундагы бардык төлөмдөр сом менен кабыл алынат.
2026-жылдагы ажылык сапары үчүн «Элдик Банкка» (РСК) 2 миң доллар жана 1,2 миң сом төлөп, ошонун негизинде Муфтияттын мурдагы базасында 2027-жылдагы ажылык үчүн кезекте турган талапкерлерге өзүнчө тартип каралган.
Алар жаңы «Ажылык» системасында кайрадан каттоодон өтүшү үчүн eID паспортун же ID-картасын жүктөп, 180 миң сом өлчөмүндөгү алгачкы төлөмдү төлөөсү зарыл.
Кайра каттоо 14-августта саат 09:00дөн башталып, 20-августта саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт.