Кубакы ашуусу аркылуу жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет

03.11.2026 | 16:02
На перевале Кубакы введут ограничения на движение грузовых автомобилей — Новости Кыргызстана

2026-жылдын 5-ноябрынан тартып 2027-жылдын 1-апрелине чейин «Көк-Мойнок — Кубакы — Кочкор» автожолунун айрым тилкелеринде жалпы салмагы 7 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундангы өкүлчүлүгү билдирди.

Өкүлчүлүктүн маалыматында, тиешелүү буйрукту КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги чыгарган.

Чектөө киргизилген мезгилде оор жүк ташуучу транспорт каражаттары үчүн альтернативдүү каттам катары Балыкчы шаары аркылуу өткөн «Бишкек — Нарын — Торугарт» унаа жолу сунушталат.

Scroll to Top