Кыргызстандын Мадыген аймагы дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди

13.08.2026 | 11:52
Мадыгенский регион Кыргызстана включили в список мировых ценностей — Новости Кыргызстана
Кыргызстандын Мадыген аймагы дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди — иллюстрация
Кыргызстандын Мадыген аймагы дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди — контекст события
Кыргызстандын Мадыген аймагы дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди — фото 4
Кыргызстандын Мадыген аймагы дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди — фото 5
Кыргызстандын Мадыген аймагы дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди — фото 6

Баткен облусундагы Мадыген аймагы дүйнөлүк маанидеги геологиялык жана палеонтологиялык мурас катары таанылып, дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине кирди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, Мадыген аймагы Кыргызстандын байыркы жаратылыш тарыхын изилдөөгө мүмкүнчүлүк берген уникалдуу объект катары бааланат.

Ал эми Мадыген тоолору палеонтологиялык табылгалары менен белгилүү. Бул жерден миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ташка айланган калдыктары менен скелеттери табылган. Айрыкча триас мезгилине таандык фауна илимпоздордун кызыгуусун жаратып келет.

Аймактын дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргенине байланыштуу «Мадыген: дүйнөлүк маанидеги палеонтологиялык кенч» аттуу эл аралык симпозиум өткөн. Анда Мадыгендин дүйнөлүк палеонтологиядагы орду, аймактын табигый мурасын сактоо жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Scroll to Top