Короодо ойноп жүргөн кыздын алтын сөйкөсүн чечип алып, качып кеткен. Бишкекте аял изделүүдө

Бишкек шаарында короодо ойноп жүргөн кыздын алтын сөйкөсүн тартып алып, качып кеткен деп шектелип аял киши изделүүдө. Бул тууралуу шаардын Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 12-августта, Гоголь жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринин короосунда болгон. Милиция бөлүмүнө аял арыз менен кайрылып саат 15:30 чамасында белгисиз аял анын жашы жете элек кызына күч колдонуп, 40 миң сомдук алтын сөйкөсүн тартып алганын билдирген.
Аталган факт Свердлов РИИБдин маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Учурда милиция кызматкерлери окуянын жагдайларын тактоо жана видеокөзөмөлгө түшүп калган аялдын өздүгүн аныктап, кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынары айтылды.