Кыргызстандык спортчу кудо боюнча Европа чемпионатына катышатКыргызстанда бир жумада жасалма номур менен жүргөн алты унаа аныкталдыБир дарак кыйсаң — бешти отургуз: Бекешев Кыргызстанда жаңы мыйзам сунуштадыФутбол: Караколдун «Барс» клубу Кыргызстандын 2026-жылкы чемпиону болдуЫсык-Көлдө тоо эчкилери менен Марко Поло аркарлары видеого тартылдыСадыр Жапаров кайрылууларды кароонун жаңы эрежелерин бекитти
Кыргызстанда бир жумада жасалма номур менен жүргөн алты унаа аныкталды
09.11.2026 | 13:07

Кыргызстанда 30-октябрдан 5-ноябрга чейин 21 миң 812 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул убакыт аралыгын төмөнкү эреже бузуулар катталган:
- транспорт каражаттарын колдонуу эрежелерин бузуу — 1 055;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 924;
- тийиштүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу — 632;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан эреже бузуулар — 538;
- мас абалында автотранспорт каражатын башкаруу — 368;
- автоунаанын терезелерин караңгылатуу — 293;
- автоээнбаштык — 26;
- жалган мамлекеттик номур менен унаа башкаруу — 6;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 15 582.
Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миң 388 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: ЖКККББ, жол эрежеси