Кыргызстандык спортчу кудо боюнча Европа чемпионатына катышатКыргызстанда бир жумада жасалма номур менен жүргөн алты унаа аныкталдыБир дарак кыйсаң — бешти отургуз: Бекешев Кыргызстанда жаңы мыйзам сунуштадыФутбол: Караколдун «Барс» клубу Кыргызстандын 2026-жылкы чемпиону болдуЫсык-Көлдө тоо эчкилери менен Марко Поло аркарлары видеого тартылдыСадыр Жапаров кайрылууларды кароонун жаңы эрежелерин бекитти
Кыргызстандык спортчу кудо боюнча Европа чемпионатына катышат
09.11.2026 | 13:11

Кыргызстандык спортчу Нурсултан Батырбеков 11–16-ноябрь күндөрү Болгариянын София шаарында өтө турган кудо боюнча Европа чемпионатына катышат.
Спортчу алты жашынан бери машыгып келет. Батырбековдун кудо жана дзюдо боюнча 30га жакын биринчи оруну, ошондой эле 35тен ашык медалы, сертификаты жана сыйлыгы бар.
Ал Орусия жана Казакстанда өткөн мелдештерде жеңишке жеткен. Былтыр Европа чемпионатында биринчи орунду ээлесе, ага чейин Японияда өткөн кудо боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунду алган.

Учурда Батырбеков Кытайда билим алууда. Ал машыгуу жана мелдештерге катышуу үчүн Бишкекке келип, андан соң кайра Кытайга кетет.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: спорт