Бишкекте КММАнын студентинин сөөгү табылды. Ал буга чейин изделип жаткан8-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОшто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 4 миң көчөт отургузулдуКантта калдыктарды кайра иштетүүчү завод жана муниципалдык базар куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктадыКыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө
Бишкекте КММАнын студентинин сөөгү табылды. Ал буга чейин изделип жаткан
08.11.2026 | 10:16

7-ноябрда Бишкек шаарында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 21 жаштагы студентинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, каза тапкан Б.И. 28-октябрында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, изделип жаткан.
Маркумдун сөөгүн алгачкы кароонун жүрүшүндө жаракаттын издери табылган эмес. Анын жанынан таблетка түрүндөгү дары-дармектер жана чоң атасына жазылган кат табылган.
Өлүмдүн себебин тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда окуянын жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар