Кыргызстанда бизнести өз объектилеринин аймагын жашылдандырууга милдеттендирүү сунушталууда

22.09.2026 | 09:33
Кыргызстанда бизнести өз объектилеринин аймагын жашылдандырууга милдеттендирүү сунушталууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге өздөрүнө таандык же пайдалануусунда болгон объектилерге чектеш аймактарды көрктөндүрүү жана тазалыгын сактоо милдетин жүктөө сунушталууда.

Тиешелүү мыйзам долбоорун КР Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыгүл Аманова демилгеледи. Документ «Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Долбоорго ылайык, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер өздөрүнө таандык же пайдалануусунда болгон имараттарга, курулмаларга, соода, өндүрүштүк жана башка объектилерге чектеш жайгашкан аймактарды жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө жана тийиштүү санитардык абалда кармоого милдеттүү болот.

Ишкерлер кароого тийиш болгон аймактардын өлчөмүн жана чектерин, ошондой эле аларды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү тартибин жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары аныктоосу сунушталууда.

Мындан тышкары, мэриялар жана айыл өкмөттөрү ишкерлердин чектеш аймактарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык жактан кармоо боюнча талаптарды аткарышын көзөмөлдөө ыйгарым укуктарына ээ болушат.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, учурда мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликтерге катышып жатышат, бирок мындай иш-чаралар белгилүү бир мезгилдерде гана өткөрүлөт.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуучу тазалыкты сактоо жана жашыл бак-дарактарды күтүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлүшү керек деп эсептейт.

Ишкерлерге мындай милдеттерди жүктөө шаарлар менен айылдардын экологиялык абалын жакшыртууга, дүкөндөрдүн, соода борборлорунун, ишканалардын жана тейлөө чөйрөсүндөгү объектилердин тегерегиндеги аймактарды үзгүлтүксүз жашылдандырууну жана көрктөндүрүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Мыйзам кабыл алынган учурда, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет/

Анара Мамытова

Scroll to Top