Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
22-сентябрь: өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтөт
22.09.2026 | 09:00

Бүгүн, 22-сентябрда, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош жана Жалал-Абад облустарынын өрөөндүү аймактарында жана өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 10…15°C, күндүз 27…32°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 24…29°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 14…19°C, күндүз 28…33°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 14…19°C, күндүз 28…33°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 14…19°C, күндүз 28…33°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11°C, күндүз 22…27°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 2…7°C, күндүз 21…26°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 13…15°C, күндүз 28…30°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы