Кыргызстанда калктын жугуштуу ооруларга каршы иммунитетинин деңгээли текшерилет

09.11.2026 | 11:52
В Кыргызстане проверят уровень иммунитета населения к инфекционным заболеваниям — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги калктын жугуштуу ооруларга карата иммунитетинин деңгээлин аныктоо боюнча изилдөө баштайт. Министрлик жарандарды аталган изилдөөгө ыктыярчы катары катышууга чакырды.

Изилдөө 2026-жылдын 9-ноябрынан 20-ноябрына чейин өткөрүлөт. Ал 2026–2028-жылдарга карата программанын алкагында Пастер атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту (Роспотребнадзор) менен биргеликте жүргүзүлөт.

Анын жүрүшүндө калктын кызамык, көк жөтөл, дифтерия, селейме, суу чечек ооруларына каршы иммунитетинин деңгээли бааланат. Ошондой эле зооноздук, табигый очоктуу инфекциялардын таралышы изилденет.

Мекеме аталган изилдөө 2023–2025-жылдары өтүп, ага өлкө боюнча 6 миң 617 ыктыярчы катышканын билдирди. Анын жыйынтыгында алынган маалыматтар иммунитети талаптагыдай эмес калк топторун аныктоого жана алдын алуу чараларын белгилөөгө негиз болгон.

Изилдөөнүн жаңы этабы калктын иммунитетинин өзгөрүүсүн баалоого, эпидемиологиялык абалды болжолдоого жана алдын алуу чараларын өркүндөтүүгө шарт түзөрү айтылды.

Изилдөөгө катышуу боюнча толук маалыматты министрликтин расмий сайтынан табууга болот.

Scroll to Top