Ош жана Чикаго шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелери түзүлөт

Бүгүн, 4-ноябрда, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Мэтью Хабиновски менен жолугушту. Анда Ош шаары менен АКШнын шаарларынын, анын ичинде Чикаго менен боордоштук мамилелерди орнотуу, инвестиция тартуу жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Жолугушууда Оморбек Торобаев шаардагы инвестициялык шарттар, ошондой эле мейманкана куруу, туризм жана соода-логистика тармактарындагы долбоорлор тууралуу маалымат берген. Өз кезегинде Мэтью Хабиновски бизнес-өнөктөштүктү өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилеген.
Мындан тышкары, тараптар билим берүү, англис тилин окутуу, транспорттук логистика, саламаттыкты сактоо, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу багыттарын талкуулашкан.