Эксклюзив

«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь Беляев

04.11.2026 | 17:55
«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь Беляев — Новости Кыргызстана

Балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү Игорь Беляев көчөдө жашап, идиш жууп, жылдап батирден батирге көчүп жүргөн. Бүгүнкү күндө ал жетим балдардын укугун коргоп келет. Бирок жакында эле президенттин администрациясынан келген чалуу анын көзүнө жаш тегдирди. Аган эмне деп айтышты жана ал эмне себептен уккан сөзүнө башында ишенген жок? Толугу менен Reporter.kg басылмасына берген маегинде.

— Игорь, сиз көп жылдардан бери жетим балдардын көйгөйлөрү менен алектенип келесиз. Сиздин оюңузча, балдар үйүн аяктагандан кийин баланын тагдыры кандай болушу керек?

— Мен баланын тагдыры жөнүндө ал балдар үйүнөн чыга электе эле, көп убакыт мурун ойлонуу керек деп эсептейм. Балдар үйүнүн жетекчилиги ал каякка барат, каякта жашайт, эмне менен алектенет жана андан аркы турмушу кандай болот деген суроолорду түшүнүшү зарыл.

Анткени адам 18 жашка чыгар замат эле өз алдынча жашоого өзүнөн-өзү даяр болуп калбайт. Айрыкча оор кырдаалда жөлөк боло турган, багыт көрсөтүп, жардам бере турган ата-энеси жанында жок болсо.

Азыр мамлекет «Келечек» программасын ишке киргизди. Жетим балдар үчүн атайын эсептер ачылып, аларга 500 миң сомдон бөлүнүүдө. Жашы жеткенден кийин бул каражатты билим алууга же ипотеканын баштапкы төлөмүнө жумшоого болот.

Бул өтө маанилүү колдоо. Бирок бүтүрүүчүгө аны туура пайдаланууну үйрөтүү да андан кем эмес мааниге ээ.

— Сиз өзүңүз да ипотека алууда кыйынчылыктарга туш болдуңуз. Баары эмнеден башталды?

— 2026-жылдын февралында турак жайга кезекке туруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылдым. Ошондо мамлекеттик кызматкер болбогонум үчүн жылдык 4%дык чен менен ипотека алууга укугум жок экени белгилүү болду. Мага 8%дык ипотека сунушташты.

Ошондо мен ойлонуп калдым: эмне үчүн балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү 4% менен турак жай ала алышпайт? Анткени алардын көпчүлүгүнүн эч кандай колдоочусу жок да. Алар жумуш таап, акча таап, салык төлөп, анын үстүнө бир жерде баш пааналап жашашы керек.

Биздин уюм социалдык маселелер менен алектенет, жетим балдарга жана балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жардам берет. Ошондуктан бул көйгөйдү өзүм үчүн гана эмес, башка балдардын да кызыкчылыгы үчүн көтөрүүнү чечтим.

Мамлекеттик органдарга кайрылып, кат жазып, мыйзамдарды изилдей баштадым.

— Анан өзгөртүүлөргө жетише алдыңызбы?

— Ооба, бул маселени ордунан жылдырууга мүмкүн болду. Азыр балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жылдык 4% менен ипотека алууга кезекке туруу мүмкүнчүлүгү каралды. Муну мен алдыга ташталган чоң кадам деп эсептейм.

Бирок бул жерде бир маанилүү жагдай бар. Балдарда «мамлекет баарын бекер бериши керек, ал эми биз өзүбүз эч нерсе кылбай отура беришибиз керек» деген түшүнүк калыптанышын каалабайм.

Батир — бул жоопкерчилик. Иштеш керек, акча табыш керек, төлөмдөрдү өз убагында төлөп, коммуналдык кызматтардын акысын берип туруу зарыл. 
Эгер ипотека жылдык 4% менен 25 жылга берилсе, бул өзү чоң колдоо. Адам акырындап турак жайдын баасын төлөп кутулат, бирок ошол эле учурда бул анын өз үйү, анын келечеги экенин сезип турат.

Албетте, тобокелдиктер да бар. Бүгүн бүтүрүүчү иштеп, төлөй алат, ал эми эки айдан кийин жумушсуз калышы мүмкүн. Анда эмне болот? Ошондуктан мамлекет мындай кырдаалдарды эске алышы зарыл, ал эми балдардын өздөрүнө ипотеканын шарттарын жана акча төлөнбөй калган учурдагы кесепеттерин түшүндүрүп туруу керек.

— Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн ипотекалык программалардын талаптарына жооп берүү канчалык татаал?

— Бул башкы көйгөйлөрдүн бири. Көпчүлүгү расмий эмес иштеп, салык төлөшпөйт. Ал эми адам ипотекага арыз бергенде, система анын расмий кирешеси бар-жогун текшерет.

Натыйжада туюк айлампа жаралат: үй керек, бирок адам төлөө жөндөмүн тастыктай албайт.

Ошондуктан программаны жөн гана ачып коюу жетишсиз. Бүтүрүүчүлөргө жумушка орношууга көмөктөшүп, документтерди кантип тариздөө керектигин жана расмий ишке орношуу эмне үчүн маанилүү экенин түшүндүрүү зарыл.

Мен балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү Бишкекте гана эмес, Кыргызстандын бардык аймактарында турак жай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун каалайм.

— Сиз депутаттарга жана бийликтин башка өкүлдөрүнө жардам сурап кайрылдыңызбы?

— Ооба, мен Жогорку Кеңештин көптөгөн депутаттарына, анын ичинде Эльвира Сурабалдиева менен Дастан Бекешевге да кайрылдым. Балким, алар да бул маселени көтөрүшкөндүр, бирок өз кайрылууларыма расмий жооп ала элекмин.

Бул көйгөйдү чагылдырган журналисттерге, анын ичинде Reporter.kg сайтына жана башка ЖМКларга ыраазымын. Бул тууралуу ачык айтылганда, үнүбүз угула турган мүмкүнчүлүк жаралат.

Мага балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү көп чалып: «Игорь Васильевич, жардам бериңизчи. Кантип кезекке турса болот? Каякка кайрылышыбыз керек?» — деп сурашат.

Мындай адамдар, өзгөчө аймактарда абдан көп. Алардын көйгөйлөрүн баары эле биле бербейт. Ошондой эле биздин кайрылууларга көңүл буруп, демилгени колдоого алган президенттин администрациясынын кызматкерлерине да ыраазычылык билдирем.

— Батир тууралуу көптөн күткөн кубанычтуу кабарды кантип уктуңуз, айтып берсеңиз?

— Бул такыр күтүүсүз болду. Биз «Бирге жардам беребиз» деген кайрымдуулук долбоорубузду талкуулаган жолугушуудан жаңы эле чыккан болчумун. Ошол маалда телефон чалышты, бирок мен жооп берип үлгүрбөй калдым.

Анан «кайра чалыңыз» деген билдирүү келди. Көрсө, мага президенттин администрациясынан байланышууга аракет кылышыптыр. Кайра чалдым. Алар социалдык тармактардагы маалыматты көрүшкөнүн, маселе каралып, Мамлекеттик ипотекалык компанияга тиешелүү тапшырма берилгенин айтышты.

Андан кийин: «Игорь, ушул аптада эки бөлмөлүү батирдин ачкычын аласың», — дешти.

Билесизби, башында такыр ишенген жокмун. «Тамашалап жатышабы?» деп ойлоп кеттим. Анткени мурда МИКке кайрылып, кезегим качан келерин сураганымда, турак жайды 2027-жылы гана ала аларымды айтышкан эле.

Анан күтүүсүздөн мындай чалуу. Кубанганымдан телефон колумдан түшүп кете жаздады.

— Ошол көз ирмемде кандай сезимде болдуңуз?

— Бир эле учурда ыйлагым да, сүйүнгүм да келди. Кимдир бирөө үчүн батир — катардагы эле нерседир. Ал эми мен үчүн бул эбегейсиз чоң белек.

Мен өзүм балдар үйүнүн бүтүрүүчүсүмүн. Ал жерден чыккандан кийин жанымды багуу үчүн көчөдө түнөп, идиш жууп иштөөгө туура келген.

Өзүңдүн баш паанаң жок, барар жериң жок жалгыз калуу эмне экенин жакшы билем. Анан эми мага жеке батириң болот деп жатышат. Бул нерсе менин жашоомдо болуп жатканына ушул күнгө чейин толук ишене албай турам. Менин кайрылуумду угуп, тиешелүү тапшырма бергендиги үчүн президент Садыр Нургожоевич чоң ыраазычылык билдиргим келет. 

Бирок билесизби, мен ар дайым: «Эч качан багынбоо керек», — деп айтам. Кандай гана оор болбосун, алдыга карай басыш керек.

Мен да оор сыноолорду башымдан өткөрдүм. Азыр мага батир берилет деп айтышканда, бул күрөш менен өткөн жылдарым текке кетпегенин түшүндүм.

— Өз үйүңүзгө ээ болуу сиз үчүн эмнени түшүндүрөт?

— Баарынан мурда — жан дүйнө тынчтыгы. Батир ижарага алып жашаганда дайыма санаа тартып жүрөсүң. Бүгүн үйүң бар, эртең батирдин ээси келип: «Үйдү бошот», — деп айтышы мүмкүн. Же ижара акысын көтөрүп салат. Эч качан өзүңдү толук корголгон сезе албайсың.

Ал эми эми менде кайтып келе турган жана мени эч ким кууп чыкпай турган жайым болот. Андан тышкары, менин британиялык тукумдагы мышыгым бар. Ал менде үч жылдан бери жашайт, кичинесинен багып чоңойтком.

Ал мен үчүн абдан кымбат жандык. Бирок ижарага берилген батирлердин ээлери жаныбарлар менен жашоого дайыма эле уруксат бере беришпейт да. Эми экөөбүздүн өз үйүбүз болот.

Элестетип көрүңүзчү? Мындан ары кимдир бирөө биздин чогуу жашообузга уруксат береби же жокпу деп көз каранды болбой калабыз.

— Демек, жаңы батир — бул башкача жашоо баштоого да мүмкүнчүлүк турбайбы?

— Албетте. Мен үй-бүлө куруу жөнүндө көптөн бери ойлонуп жүрөм.

Бирок туруктуу үйүң жок туруп кантип үй-бүлө курасың? Бир батирден экинчисине көчүп, эртең ижарага канча төлөрүңдү билбей жатсаң кандай болот? Ал эми эми мен өзүмдүн үй-бүлөлүк очогум болушу мүмкүн экенин түшүндүм.

Үйлөнүп, бала-бакыра күтүп, алардын үйү бар экенин, жубайым менен балдарым батирден батирге көчүп тентип жүрбөй турганын билсем болот. Бул мен үчүн өтө маанилүү.

Айтмакчы, менин тоту куштарым да бар. Аларды да багам. Алар мен үчүн бала сыяктуу, карап, кам көрүш керек.

Андыктан жаңы батирге жалгыз көчпөйбүз.

— Муну абдан кубаныч менен айтып жатасыз. Бирок жеке батирдин акысын да төлөөгө туура келет да?

— Ооба, мен буга толук даярмын. Мага баарын бекер бериши керек деп айтпайм. Албетте, турак жайды бекер алууну каалайт элем, анткени балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик колдоого укуктуу.

Бирок акысыз батирди жылдап күтүп, акыры эч нерсесиз калууга болорун жакшы түшүнөм. Ошондуктан жылдык 4% менен турак жай алуу мүмкүнчүлүгү мен үчүн чоң көмөк.

Эң башкысы — өзүңдүн баш паанаң болуп, ижарага акча коротпой, өз үйүң үчүн төлөп жатканыңды билүү.

— Сиз балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү өз алдынчалыкка үйрөнүшү керек деп көп айтасыз. Аларга көбүнчө эмне жетишпейт?

— Баарынан мурда — маалымат жана колдоо жетишпейт. Көптөгөн балдар өз укуктарын билишпейт. Алар каякка кайрылууну, кандай документтер керектигин, кандай жардам ала аларын түшүнүшпөйт.

Психологиялык маселе да бар. Балдар үйүнөн чыккандан кийин адам өзү даяр боло бербеген чоңдордун турмушуна туш болот. Ал тунт болуп, кайда барарын билбей алактап калышы мүмкүн. Элестетиңиз: кечээ эле сенин ордуңа көбүн чоңдор чечип келсе, бүгүн жумушту, жашай турган жерди өзүң издеп, жарыкка, сууга жана башка коммуналдык кызматтарга өзүң төлөшүң керек.

Мындай адамга батир берилген күндө да, ал келишимди кунт коюп окуп чыгуу, шарттарды так сактоо, өз убагында төлөп туруу керектигин түшүнбөй калышы ыктымал.

Ошондуктан балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө юридикалык жана психологиялык коштоо зарыл деп эсептейм. Адамдын колуна ачкычты карматып коюп эле маселе чечилди деп эсептөөгө болбойт.

Ага өз алдынча жашоону үйрөнүүгө көмөктөшүү керек.

— Демек, мамлекеттин жардамы батир берүү менен эле чектелбеши керек экен да?

— Так ошондой. Мен дайыма материалдык жардам гана эмес, адамдын өзүнүн жоопкерчилиги да маанилүү деп айтам.

Эгерде баарын бекер берип, эч нерсе түшүндүрбөсө, кимдир бирөө берилген турак жайды сатып жиберип, эч нерсесиз калып, кайрадан жардам сурап келиши мүмкүн деген тобокелдик бар.

Ошондуктан бул маселеге өтө олуттуу мамиле кылуу зарыл.

Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүндө билим, жумуш, акча табуу мүмкүнчүлүгү жана эртеңки күнгө ишеним болушу шарт. Жана жанында акыл сурай турган адамдар болушу керек.

— Эми жеке турак жай маселеңиз чечилип калганда, мындан ары эмне кылууну пландап жатасыз?

— Бизде иш өтө көп, ошондуктан токтоп калуу ниетим жок. Тескерисинче, бул окуя мага ого бетер күч берди. Менин мисалым балдар үйүнүн башка бүтүрүүчүлөрүнө да дем-күч беришин каалайм. Алар азыр канчалык оор болсо да, өз укуктарын талап кылып, үмүт үзбөө керектигин көрүшсүн.

Биз жетим балдардын турак жай, билим алуу жана социалдык жактан колдоо маселелери менен мындан ары да алектенебиз.

Фондубуздун алдында көптөгөн долбоорлор турат. Тактап айтканда, балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын кыялдарын орундатуу үчүн ушул жылы «Тилектер балатысы» аттуу кайрымдуулук акциясын өткөрүүнү пландап жатабыз.

Бул акцияга Президенттин Иш башкармалыгы да кошулууга даяр. Премьер-министрдин жардамчылары да катышып, балдардын каттарын тандап алып, алардын каалоолорун аткарууга көмөктөшүү ниетин билдиришти. Биз үчүн балдар камкордукту сезип, жалгыз эмес экенин түшүнүшү өтө маанилүү. Биз мындан ары да коомдун бакубаттыгы үчүн иштей беребиз.

— Сиз качандыр бир кезде туш болгон абалда азыр жүргөн адамдарга эмне айткыңыз келет?

— Ар бирине айтарым: эч качан багынбагыла.

Мен өзүм көп кыйынчылыктарды басып өттүм. Көчөдө жашадым, иштедим, мүмкүнчүлүктөрдү издедим, четке кагууларга туш болдум. Бирок алдыга карай баса бердим. Бүгүн болсо өз батиримдин ачкычын күтүп жатам.

Бул мен үчүн жөн гана үй эмес. Бул — жаңы турмушка болгон үмүт. Мага жардам берген, колдогон, көйгөйүбүздү айтып чыккан бардык адамдарга абдан ыраазымын. Журналисттерге, катталуучуларга, кайдыгер карабаган бардык адамдарга рахмат.

Бирок башка жетим балдарды да унутпашыбызды каалайм. Бүгүн балдар үйлөрүндө жашап, жакында чоң турмушка кадам таштай тургандар жөнүндө унутпасак экен. Кайда барарын, каякта жашарын жана кимден жардам сурарын билбегендерди эстен чыгарбашыбыз керек.

Кээде бул балдарды эч ким байкабагандай сезилет. Алар кудум көрүнбөгөн адамдар сыяктуу. Аларды көрүп, угушса экен деп абдан каалайм. Жана алардын ар биринин бир күнү өз үйү болсо экен дейм.

Менин кайрылуумду угушту. Бирок бул башталышы гана. Бизди алдыда дагы абдан көп жумуштар күтүп турат.

Эльвира Сатыбекова

Анара Мамытова

Scroll to Top