Кыргызстанда мамлекеттик төлөмдөрдү бирдиктүү системага бириктирүү сунушталды

Кыргызстанда мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү системасын (ӨЭБС) киргизүү сунушталууда. Ал мамлекеттик төлөмдөрдү дайындоо жана которуу процесстерин бириктирет. Токтом долбоорун Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги иштеп чыкты.
Документ коомдук талкууга чыгарылды.
«Бүгүнкү күндө мамлекеттик төлөмдөр ар кандай ведомстволор тарабынан өздөрүнүн маалыматтык системалары жана жол-жоболору аркылуу дайындалып, которулат. Бул, атап айтканда, “Балага сүйүнчү” жана “Бала Береке” бир жолку төлөмдөрүнө, “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпулуна жана мамлекеттик колдоонун башка түрлөрүнө тиешелүү. Ошол эле учурда арыздарды берүү, керектүү документтерди алуу, алуучулардын тизмесин түзүү, акчаны банктар аркылуу которуу жана жарандарга маалымат берүү ар кандай системалар аркылуу жүргүзүлөт», — деп айтылат негиздеме-маалымкатта.
Долбоорду иштеп чыгуучулардын пикиринде, бул процесстерди жөнөкөйлөтүү үчүн мамлекеттик органдар менен банктардын өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү механизми зарыл. Ал арыз берүүдөн тартып, акчанын алуучунун эсебине түшүшүнө чейинки бардык этаптарды камтышы керек.
Эмнелерди өзгөртүү сунушталууда
Долбоорго ылайык, ӨЭБСке кошулган мамлекеттик төлөмдөр бирдиктүү санариптик механизм аркылуу таризделип, которулат.
Жарандар арыздарды «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу бере алышат. Мамлекеттик маалыматтык системаларда буга чейин бар болгон маалыматтар автоматтык түрдө алынат. Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, аларды кайрадан тапшыруунун зарылдыгы болбойт.
Тиркеме аркылуу жарандар өз маалыматтарын текшерип, арыздын каралышынын жүрүшүн билип, төлөм дайындалганы же баш тартылганы тууралуу билдирүү ала алышат. Баш тартылган учурда анын себептери көрсөтүлөт. Ошондой эле акчанын которулушунун жыйынтыгын текшерүүгө болот.
Мыйзамда каралган учурларда төлөмдөр жарандардын арызы жок эле мамлекеттик маалыматтык системалардагы маалыматтардын негизинде дайындалышы мүмкүн.
Жарандар банкты өз алдынча тандай алышат
Долбоордун негизги жоболорунун бири — мамлекеттик төлөмдөрдү алуу үчүн банкты өз алдынча тандоо укугу.
Жарандар ӨЭБСке тейлөөчү банк катары кошулган каалаган банкты тандай алышат. Мында эсеп алуучунун өзүнө таандык болушу керек. Эгер тандалган банкта эсеби жок болсо, жаранга эсеп ачуу же башка банкты тандоо сунушталат.
Арыз берүү жана билдирүүлөрдү алуу сыяктуу системанын кызматтары акысыз болот.
Мындан тышкары, тейлөөчү банктарга мамлекеттик төлөмдөргө арналган каражаттарды кармап калууга, башка максаттарга пайдаланууга же акчаны эсепке которуу үчүн кошумча банк кызматтарын сатып алууну талап кылууга тыюу салынат.
Системанын ишине кимдер жооп берет
Долбоордо мамлекеттик органдар менен банктардын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
Финансы министрлиги ӨЭБСтин ээси болуп, катышуучулардын ишин координациялайт.
Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси «Түндүк» системасы аркылуу ведомстволордун санариптик өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт.
«Элдик Банк» ААК финансылык-техникалык оператор жана негизги эсептешүү банкы болот.
Мамлекеттик органдар төлөмдөрдү дайындоо боюнча чечимдерди кабыл алууну жана алуучулардын реестрлерин түзүүнү улантат.
Тейлөөчү банктар жарандардын эсебине акча которуп, төлөмдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат беришет.
Төлөм дайындалгандан кийин тиешелүү ведомство алуучулардын электрондук реестрин түзөт. Андан соң маалымат финансылык-техникалык операторго жөнөтүлүп, ал каражаттарды жарандар тандаган банктарга бөлүштүрүүнү уюштурат.
Эгер акча эсепке түшпөй калса, банк анын себебин билдирип, которулбай калган каражаттарды белгиленген тартипте кайтарышы керек.
Көйгөй чечилип, ыйгарым укуктуу орган тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин акчаны кайра которууга болот.
Техникалык мүчүлүштүктөр жаралса эмне болот
Долбоордо техникалык мүчүлүштүктөр учурунда көрүлө турган чаралар өзүнчө каралган.
Системанын катышуучулары бири-бирине мүчүлүштүктөр тууралуу кабарлап, төлөмдөр боюнча маалыматтарды сактап, система калыбына келгенден кийин аяктай элек операцияларды бүтүрүшү керек болот.
Мында техникалык мүчүлүштүктүн өзү жаранга дайындалган мамлекеттик төлөмдү алуу укугун токтотууга негиз боло албайт. Ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо жана бир эле төлөмдү кайталап которууга жол бербөө чаралары каралган.
Жөлөкпулдардын өлчөмү өзгөрөбү?
Долбоорду иштеп чыгуучулар ӨЭБСти киргизүү мамлекеттик төлөмдөрдү дайындоонун негиздерин, шарттарын, өлчөмдөрүн, мезгилдүүлүгүн жана мөөнөттөрүн өзгөртүүнү караштырбай турганын белгилешет.
Төлөмдөрдү дайындоо, өзгөртүү, токтото туруу же токтотуу боюнча чечимдерди мурдагыдай эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар кабыл алат.
Жаңы система ведомстволор менен банктардын өз ара аракеттенүүсүн иретке келтирип, каражаттарды которуу процессин ачык-айкын кылып, жарандарга төлөмдөрү тууралуу маалыматты бирдиктүү санариптик канал аркылуу алууга мүмкүнчүлүк бериши керек.
Мамлекеттик төлөмдөрдүн ар кандай түрлөрүн ӨЭБСке этап-этабы менен кошуу пландалууда.