Бишкекте LOTTE HOTEL бренди менен мейманкана комплекси курулат

23.11.2026 | 15:01
Бишкекте Түштүк Кореянын LOTTE HOTEL мейманканасынын франшизасы курулат — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинде LOTTE HOTEL мейманкана комплексин куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюлду. Документке Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги, LOTTE HOTELS & RESORTS жана LP INVEST компаниялары кол коюшту.

Агенттиктин маалыматында, долбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.

Долбоордун концепциясы эл аралык LOTTE HOTEL брендинин алдындагы мейманкананы, сервистик резиденцияларды жана бизнес-борборду курууну карайт. Комплекс проспект тараптан таш аркада менен бириктирилген эки мунарадан туруп, анда конференция залы, ресторан жана велнес-борбор жайгашат. Объект административдик борбор катары калыптанып жаткан борбор калаанын түштүк тарабындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан аймакта курулат.

Мейманкана франчайзинг модели боюнча иштейт. Ал эми концепцияны LeePrime Group сунуштап, долбоордо инвестордун өнөктөшү катары катышууда.

Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов комплекс туризмдин жана ишкердиктин өнүгүшүнө шарт түзөрүн билдирди. LOTTE HOTELS & RESORTS компаниясынын вице-президенти Пак Хи Ён долбоордун алкагында кызматкерлерди даярдоо боюнча тажрыйба колдонуларын белгиледи. LeePrime Group компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Лилия Дорохина мейманкана ишкердик жолугушуулардын жана байланыштардын жайына айланарын айтты.

Маалымат үчүн: LOTTE HOTELS & RESORTS — Түштүк Кореянын 50 жылдан ашык тарыхы бар мейманкана оператору. Компания SIGNIEL, LOTTE HOTELS, L7 жана LOTTE CITY HOTELS бренддерин өнүктүрөт. LeePrime Group компаниясы мейманканаларды, апартаменттерди башкаруу жана велнес багыттарындагы ишмердүүлүктү жүргүзөт.
Scroll to Top