КРде асыл тукум мал чарбасы үчүн жеңилдетилген насыяларга кошумча 271 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбачылыгын колдоо максатында, жыл аягына чейин 3%дык чен менен жеңилдетилген насыя берүүгө кошумча 271 миллион сом бөлүндү. Чечим Министрлер кабинетинин 19-ноябрдагы № 875-т тескемесинин негизинде кабыл алынганын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Бөлүнгөн каражаттар фермерлерге «АБанк» жана «Элдик Банк» ААКтары аркылуу жеңилдетилген насыя түрүндө берилет. Насыя алууну каалагандар IDYIKAN тиркемеси аркылуу онлайн өтүнмө жөнөтө алышат. Бул үчүн тиркемеге «Түндүк» аркылуу кирип, кызматтар бөлүмүндөгү агрокредиттөө багыты боюнча электрондук арызды толтуруу зарыл.
Жеңилдетилген насыя асыл тукум малдын төмөнкү түрлөрүнө, породаларына берилет:
- Ири мүйүздүү мал: ала тоо, абердин-ангус, аулиеата, голштин, симментал, айршир, герефорд, күрөң швиц жана галловей породалары;
- Топоздор: айкөл, кыргыз (жергиликтүү) породалары жана ак топоздор;
- Жылкылар: кыргыз, жаңы кыргыз, таза кандуу мингич жана орус желдирме породалары;
- Койлор: алай, арашан, ала-тоо, айкөл, кыргыз уяң жүндүү, кыргыз тоо мериносу жана Тянь-Шань породалары;
- Эчкилер: кыргыз түбүткө багытталган, кыргыз жүндүү, альп, заанен, нубия, бур, камори жана битал породалары.
Каржылоо асыл тукум заводдорго, фермаларга, мал импорттоочуларга, техник-осеменаторлорго, ошондой эле асыл тукум мал өстүргөн дыйкан чарбаларына жана жеке ишкерлерге берилет. Шарттар боюнча маалымат алуу үчүн аталган банктарга кайрылуу керек.