Кыргызстанда кубаттуулугу 15 МВт болгон суу үстүндөгү күн электр станциясы курулат

Энергетика министрлиги Кыргызстанда кубаттуулугу 15 МВт болгон калкып туруучу күн фотоэлектр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууда. Станцияны «Чакан ГЭС» ААКтын карамагындагы ГЭС-5тин аймагында куруу каралууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен түзүлгөн меморандумдун негизинде жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда долбоорду даярдоо иштери үчүн консультантты тандоо процесси жүрүп жаткан айтылды.
Министрлик буга чейин ГЭС-5те калкып туруучу күн электр станциясын пайдалануу боюнча тажрыйба жүргүзүлгөнүн билдирди. Тактап айтканда, 2024-жылы кубаттуулугу 0,1 МВт болгон пилоттук фотоэлектр станциясы пайдаланууга берилген. Станция 2024-жылы 133,9 миң кВт·саат, 2025-жылы 141,1 миң кВт·саат, ал эми 2026-жылдын он айында 132,5 миң кВт·саат электр энергиясын өндүргөн.
Мекеменин маалыматында, күн панелдерин суунун үстүнө жайгаштыруу жер ресурстарын үнөмдөөгө, суунун бууланышын азайтууга жана гидроэлектр станцияларынын инфраструктурасын пайдаланууга жол ачат.
Бул долбоор Кыргызстанда күн энергиясын өндүрүү кубаттуулугун жана кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууну көбөйтүүгө багытталган.