Кыргызстанда студенттерге стипендия төлөп, авиакаттамдарын каржылоо сунушталууда

22.09.2026 | 10:12
Кыргызстанда студенттерге стипендия төлөп, авиакаттамдарын каржылоо сунушталууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда үйлөрүнөн алыс окуп жаткан жаштар үчүн стипендия төлөөнү, ички авиакаттамдарды каржылоону жана жатакана курууну караган студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүк программасын ишке киргизүү сунушталууда.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026–2031-жылдарга Студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүк программасын бекитүү тууралуу Министрлер кабинетинин токтом долбоорун иштеп чыкты. Анын максаты — өлкөнүн ар кайсы аймактарында жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана студенттердин окуган жеринде жашоосу үчүн шарттарды түзүү.

Долбоорго ылайык, программага катышкан студенттер окуудагы жетишкендигине карабастан ай сайын 2,5 миң сом өлчөмүндө стипендия ала алышат. Төлөмдөр жылына 10 ай бою жүргүзүлөт — бир студентке жалпысынан 25 миң сом.

Мындан тышкары, программанын ар бир катышуучусуна бир окуу жылында ички төрт авиакаттам үчүн 18 миң сом (ар бирине 4,5 миң сомдон) бөлүү пландалууда. Зарыл болгон учурда автомобиль транспорту менен жүрүү үчүн да жеңилдетилген шарттарды түзүү каралган.

Ошентип, бир студенттин стипендиясына жана авиакаттамдарына кеткен болжолдуу чыгым жылына 43 миң сомду түзөт.

2027–2028-окуу жылынан баштап бул программага мамлекеттик билим берүү гранттарынын болжол менен 40%ын багыттоо сунушталууда.

Аларды бөлүштүрүүдө аймактардын кадрдык муктаждыктарын, ЖОЖдордун мүмкүнчүлүктөрүн жана эмгек рыногунун талаптарын эске алуу пландаштырылууда.

Студенттер башка аймактагы адистикти жана билим берүү уюмун тандап, мамлекеттик гранттын негизинде тапшырып, ал жактан толук билим алуу курсун өтө алышат.

Биринчи окуу жылында программа 4 миң студентке эсептелген. Алардын стипендияларына жана авиакаттамдарына 172 миллион сом бөлүү каралууда.

2028–2029-окуу жылында катышуучулардын санын 8 миңге, 2029–2030-окуу жылында — 12 миңге, ал эми 2030–2031-окуу жылында 16 миң адамга чейин көбөйтүү болжолдонууда.

Негиздеме-маалымкатта студенттердин болжол менен 10%ы гана жатакана менен камсыз болгону белгиленет. Турак жай маселесин чечүү үчүн программа жаңы жатаканаларды курууну, иштеп жаткан имараттарды реконструкциялоону жана окуу борборлору, китепканалар, спорттук аянтчалар жана башка инфраструктурасы бар студенттик кампустарды түзүүнү карайт.

Иштеп чыгуучулардын эсебине ылайык, 2027–2031-жылдары 24 миң 720 орундуу жатаканаларды куруу жана оңдоп-түзөө зарыл. Бул иштердин болжолдуу баасы 25,6 миллиард сомду түзөт.

Программаны каржылоонун негизги булагы болуп республикалык бюджет аныкталган. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин каражаттары, эл аралык гранттар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы инвестициялар тартылышы мүмкүн.

Токтом долбоору документтин расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө киришин карайт.

Анара Мамытова

Scroll to Top