Кыргызстандагы оң өзгөрүүлөр үчүн Садыр Жапаров Америка-Кыргыз бизнес кеңеши тарабынан сыйланды
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган өзгөртүүлөрү үчүн Америка-Кыргыз бизнес кеңешинин, «StoneX Group» корпорациясынын жана АКШнын ишкер чөйрөсүнүн атынан эстелик белгиси менен сыйланды. Сыйлык тапшыруу 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында АКШнын бизнес өкүлдөрү менен болгон жолугушууда өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргызстандын экономикалык абалы, инвестициялык шарттары жана америкалык компаниялар менен байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланган.
Иш-чарада «StoneX Group» компаниясынын аткаруучу директору Филип Смит жана АКШнын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү сөз сүйлөп, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүндөгү оң динамиканы, жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана инвестициялык климатты жакшыртуу аракеттерин белгилешкен. Алар эл аралык бизнестин Кыргызстанга жана Борбордук Азияга болгон кызыгуусу өсүп жатканын айтып, ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришкен.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров мыйзамдуулукту чыңдоо, уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу жана коррупцияга каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берген. Мамлекет башчысы менчикти жана ишкердикти коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштерди белгилеп, тоо-кен өнөр жайы, текстиль өндүрүшү жана курулуш тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга америкалык инвестицияларды тартууга кызыкдарлык бар экенин билдирген.



