Кыргызстандын Каржы министрлиги АКШдагы ири финансылык ишкана StoneX Group менен кызматташат

Кыргызcтандын Финансы министрлиги менен АКШнын StoneX Group финансылык тобунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ошондой эле аталган компания менен «Элдик Банк» ААК да кызматташтык меморандумун түздү. Документтерге 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында өлко башчы Садыр Жапаровдун компаниянын жетекчилиги менен жолугушуусунда кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров компаниянын аткаруучу директору Филип Смит баштаган өкүлдөр менен жолуккан. Тараптар баалуу металлдарды эл аралык соодалоо, баалардын өзгөрүшүнө байланышкан тобокелдиктерди башкаруу, эл аралык эсептешүүлөр жана финансылык инструменттерди пайдалануу багыттарын талкуулашкан. Мындан тышкары, StoneX Group компаниясынын финансылык инфратүзүмүн Кыргызстандагы долбоорлорго пайдалануу маселелери каралган.

Садыр Жапаров Кыргызстан америкалык инвестицияларды, технологияларды жана эл аралык тажрыйбаны тартууга кызыкдар экенин билдирген. Филип Смит өз кезегинде компания кыргыз рыногундагы катышуусун кеңейтүүгө жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө ресурстарын багыттоого даяр экенин айткан.
Маалымат үчүн: StoneX Group — корпоративдик, институционалдык жана мамлекеттик кардарларга эл аралык финансылык жана товардык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган ири америкалык финансылык топ. Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан. Компания кеңири эл аралык тармак аркылуу иш алып барат, ал эми анын акциялары NASDAQ биржасында котировкалоодон өтөт.